18:48 23 мая 2018

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата КМКТАУда илимий макала жазуу боюнча сынак өттү

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата 2018-жылдын 22-майында Н.Исанов атындагы КМКТАУда (2/220) илимий макала жазуу боюнча сынак болуп өттү.

Сынактын максаты – Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы аркылуу студенттердин изилдөө иштерине болгон кызыгуусун арттыруу, жаш муундарды патриоттуулукка, адеп-ахлак жана маданий деңгээлин өнүктүүрүү, ата-бабалардын баалуулуктарын сактоо, камкордук менен боорукердикке тарбиялоо, балдардын жана жаштардын интеллектуалдык-чыгармачылык деңгээлин өнүктүрүү.

Илимий макала жазууга сунушталган темалар:

• “Чынгыз Айтматов-кыргыз элинин феномени”

• “Ч.Айтматовдун дүйнөлүк адабиятта алган орду жана салымы”

• “Чынгыз Айтматов жана билим, илим, тарбия маселеси”

• “Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы патриоттуулук, атуулдук, улуттук өзгөчөлүктөр”

• “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелерин чагылдырылышы”

• “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы жаратылыш, айлана-чөйрө жана экология”

Сынакка 1-курста окуган окуу топторунун бардык студенттери катышып, жыйынтыгында ар окуу топторунан мыкты деп тандалып алынган 17 студент жалпы университтеттик масштабда өткөрүлгөн турга катышты. Алардын ичинен 4 студенттин жазуу иштери мыкты деп табылды. Алар:

1. ВР-1-17 тобунун студенти Элчибек кызы Ж. (илимий жетекчиси Абдыраева Н.С.)

2. ФК-1-17 тобунун студенти Уланбек кызы Т. (илимий жетекчиси Бариева А.Ж.)

3. ВВ-1-17 тобунун студенти Абакирова А. (илимий жетекчиси Молдалиева Н.А.)

4. Л-1-17 тобунун студенти Жаманкулов Т. (илимий жетекчиси Бариева А.Ж.)

Жогоруда “мыкты” деп табылган студенттердин сынактыкк жазуу иштери мындан аркы турларга катышууга жолдомо алып, өз арыздары менен бирге илимий макаласын уюштуруучулардын дарегине жөнөтүшмөкчү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть