8:52 24 мая 2018

Академиялык мобилдүүлүктөн өткөн ОшМУнун студенттери презентация жасашты

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттери жазгы семестрде башка ЖОЖдордон академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келишти. Алар алган билимдери, көргөн тажрыйбалары менен 23-май күнү жалпы студенттерге бөлүштү.

Жыйынга факультеттин окутуучулары, студенттер катышты. Жолугушууда университеттин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев сөз сүйлөп, бүгүнкү күндөгү академиялык алмашуулардын кенен мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Борбордук Азиядагы Америка университетинен академиялык мобилдүүлүктөн өткөн студенттер Араббай кызы Гүлнур, Расул уулу Маматказы, Абдумалик Базарбаев жана Ысык-Көл мамлекеттик университетинен академиялык мобилдүүлүктөн өткөн Маратали Айбашов, Абдулманоф Мавланов алган билим тажрыйбалары боюнча презентация жасашты.

Студенттер жогоруда аты аталган университеттердин билим берүү программалары менен таанышып, түрдүү коомдук-маданий иш-чараларына активдүү катышып, ОшМУдан алган билим, тажрыйбалары менен бөлүшкөндүктөрүн, жаңы маалыматтарга ээ болгондуктарын айтып, мындай мүмкүнчүлүк жаратакан ОшМУга, эл аралык байланыштар бөлүмүнө, журналистика кафедрасынын окутуучуларына ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле журналистика адистигинде билим алып жаткан студенттерди билим аламашууга чыгууга чакырышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть