16:00 25 мая 2018

ОшМУнун алдыңкы студенттери сыйланышты

24-май күнү ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков университеттин алдыңкы студенттик лидерлери менен жолугушту.

Жыйынга 60тан ашуун студенттик активдер катышты. Жолугушууда ректор студенттер менен жасалып жаткан иштер, алдыдагы пландар, студенттерге түзүлүп жаткан шарттар, академиялык мобилдүүлүк боюнча ой бөлүштү.

“Өзүңөрдү студенттик мезгилде реализациялап калгыла, студенттик турмуш мезгилиндеги изденүү, талбаган эмгек, билимге болгон умтулуу, коомдук, маданий-массалык иштерге активдүү катышуу, ички жана сырткы түрдүү билим берүүгө багытталган долбоорлорго катышуу келечекте мыкты адис болууга көпүрө болот. Студенттик күндөрдү мазмундуу, үнөмдүү өткөрүп, тил үйрөнгүлө. Эң негизгиси, адептүү болуп, адамдык асыл сапаттарды сактагыла”, - деди ректор Каныбек Исаков.

Жыйындын соңунда окууда мыкты жетишкендиктерди багындырып жана университеттик, шаардык деңгээлдеги коомдук-маданий, интеллектуалдык иш-чараларга жигердүү катышып, салым кошкон студенттердин мектебинин эмгек жамаатына ыраазычылык каттарын тапшырды.

Ыраазычылык каттарды сөзсүз түрдө бүтүрүү кечелерине жеткирүү керектигин, мугалимдин сүйүнүчү окуучуларынын ийгилигинде экендигин белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть