10:13 25 мая 2018

Жалал-Абад шаарында "Жаштар аллеясы" ачылды

Жалал-Абад шаарындагы "Жеңиш" эс алуу паркында 24-май күнү жаштардын демилгеси менен курулган "Жаштар аллеясынын" ачылышы болуп өттү.

Иш-чара аллеянын ачылышына жакындан көмөк көрсөткөн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирүү менен башталды.

Андан соң жаңы орнотулган отургучтарда жаштар келечекте ушул аллеяда китеп окуп отурган көрүнүштөрдү чагылдырышты.

"Жалал-Абад шаарынын жаштарынын демилгеси менен "Жаштар аллеясы" курулду. Жаштардын жана өнөктөштөрдүн, жеке ишкерлердин күчү менен курабыз деп, шаардык кеңештен 50 миң сом алганбыз. Бул жердеги курулуштар №75 лицейдин студенттеринин жардамы менен болсо, ал эми акча каражаты боюнча "10 тыйын" акциясы жарыяланып, эң көп суммадагы акчаны ЖАМУнун Жаштар комитети чогултуп беришти. Жалпы жаштардан 30 миң сом акча топтолгон. Бул аллеяга 10 үстү жабылган отургуч, 10 таштанды таштоочу урна жана 10 жарыктандыруучу чырактар орнотулду", - дейт Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байыш Ташбаев.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть