"Биз биргебиз!" аттуу ураан менен Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары дайыма майрамдарда "Красная речка" айылындагы балдар мектеп-интернатына барып турушат. Быйыл да Балдарды коргоо күнүнө карата өздүк курам акча каражаттарын чогултуп, бөбөктөргө жайкы кийим-кече, жуунучу каражаттарды жана таттууларды алып барып, куттуктап келишти.
Майрам алдында, аз да болсо кубаныч тартуулаган Академиянын өздүк курамына мекеменин жамааты жана кичинекей достор ыраазычылыктарын билдиришти.