13:09 1 июня 2018

ОшМУда эгиз китептердин бет ачары болуп өттү

Жаш акындар Доранбек уулу Акжолдун «Күтүүнүн аягы» жана Зарылбек уулу Адилеттин «Кереге өмүр» деген аталыштагы китептеринин бет ачары 31-май күнү Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин концерттик залында болуп өттү. Китепте эки акындын ар түрдүү темаларын чагылдырган 60ка жакын чыгармалары камтылган.

Чыгармачылык кечеде Ош облустук Жазуучулар союзунун төрагасы Ж.Турабаев баштаган Ош шаарындагы акын-жазуучулар, окутуучулар, студенттер катышып, жаш акындардын чыгармачылыгына ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле кечеде «Жигер» чыгармачыл жаштар борборунун таланттуу студенттери тарабынан жаш акындардын ырларынан үзүндүлөр көркөм окулуп, сахналык көрүнүштөр, обондуу ырлар көрүүчүлөргө тартууланды.

Буга чейин Зарылбек уулу Адилеттин жана Доранбек уулу Акжолдун эгиз китебинин бет ачар аземи 21-майда Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында болуп өткөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть