12:39 1 июня 2018

Агрардык университетте билим берүү, илим, тарбиялык иштер жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча маселелер каралды

2018-жылдын 31-майында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жыйындар залында университеттин проректорлору, факультеттердин декандары, кафедра башчылары, мамлекеттик аттестациялык коммиссиялардын катчылары, факультеттердин методисттеринин катышуусунда билим берүү, илимий, тарбиялык иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча көйгөйлүү маселелер каралды.

Жыйында окуу иштер боюнча проректор А.Иргашев сөз сүйлөп, күн тартибинде окуу процесси, илимий, тарбиялык иштер жана мамлекттик тилди өнүктүрүү боюнча маселелер бар экендигин белгиледи. Андан соң, сөз университеттин окуу бөлүмүнүн башчысы Ш. Аматовго берилди. Ш.Аматов өз сөзүндө КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана университеттин мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу, коррупцияны алдын-алуу боюнча буйруктар жана инструктивдик каттар менен тааныштырды.

Билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы И.Алыкеев квалификациялык ишти аткаруу жана анын сапатын аныктоо механизмдери боюнча презентация менен коштолгон маалымат берди.

Илимий иштер боюнча проректор Т.Чортонбаев КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын жаңылыктары боюнча маалымат берди.

Тарбия иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректор С.Т.Батаканова тарбия иштерине, иш кагаздарын тезинен мамлекеттик тилге өткөрүү жана мамлекеттик стандарт боюнча мамлекеттик тилде окуу куралдарын жазуу керектигине токтолду.

Жыйындын соңунда, проректор А.Иргашев жыйындын жүрүшү боюнча токтом түзүлөрүн жана тийиштүү буйруктар жана документтер деканаттарга жана кафедраларга жөнөтүлөрүн белгилеп, алар боюнча ыкчам иш жүргүзүү керектигин белгиледи.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть