Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы эмгек жамааты Балдарды коргоо күнүнө карата шаардагы невропсихикалык балдар үйүнүн дарылануучулары менен жолугушту. Балдарды куттуктап, окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Айгул Доранова, декандар, директорлор, ардагер окутуучулар жана башка кызматкерлер, студенттер барды.
Наристелерди майрамы менен куттуктаган ректор, окуу жайдын атынан 50 миң сомдук жардам көргөздү, анын 34 миң сомуна балдарга керектүү буюм тайымдар алынган. Ал эми 16 миң сом акчалай каражат орукананын жетекчилигине ыйгарылды. Ошондой эле студенттер жаш балдарга майрамдык маанай тартуулоо иретинде концерттик программа даярдашкан.
Келечек ээлеринин майрамына карата факультеттер, институттар, колледждер төмөнкүдөй жардам көргөзүштү:
АУП – 8500 сом (канц.товар, таттуулар);
ПМТФ – 7000 сом
ЭЮФ – 3650 сом
ТТФ – 4100 сом
ФФ – 6450 сом
МФ – 8500 сом
ЖАК – 3500 сом
ИНО – 5000 сом