12:20 4 июня 2018

КМУнун ректору Т.Абдырахмановго Кыргызстан Ислам университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды

31-май күнү И.Арабаев атындагы КМУнун жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда университеттин ректору, профессор Төлөбек Абылович Абдырахмановго Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов КИУнун «Ардактуу профессору» наамын тапшырды.

Наамды тапшырып жатып, КИУнун ректору А.Нарматов төмөнкүлөргө токтолду. «КИУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде Эл агартуу иштеринде кошкон салымы, анын алкагында теолог-адистерди даярдоодо жана Кыргызстан Ислам университетинин китепканасын керектүү окуу куралдар менен камсыздоодо жакындан көмөк көрсөткөндүгү үчүн И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Т.Абдырахмановго КИУнун «Ардактуу профессору» наамын ыйгарууну чечкенбиз. Мына бүгүн, ректор Т.Абдырахмановго дипломду тапшырып коелу деп келдик», – деди ректор А.Нарматов.

Ошондой эле А.Нарматов КМУнун ректору Т.Абдырахмановго терең ыраазычылык билдирүү менен, келечекте эки университет илим-билим, маданият боюнча тыгыз байланышта болорун айтып өттү.

Жыйындын жүрүшүндө ректор Т.Абдырахманов манасчы Сапарбек Касмамбетовго КМУнун «Ардактуу профессору» наамын тапшырды.

«С.Касмамбетов университетте өтүп жаткан иш-чара, жыйындарга катышып, жаштарды тарбиялоодо зор эмгек өтөөдө. Агабыз коомдун түрдүү катмарларына жана студенттерге «Манасты» жеткиликтүү түрдө айтканы менен өзгөчөлөнөт. Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде манасчы С.Касмамбетовго КМУнун «Ардактуу профессору» наамын ыйгарууну туура деп чечтик», – деди ректор, профессор Т.Абдырахманов.

Дипломду тапшырган соң жыйын өз ишин улантты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть