17:32 6 июня 2018

ЖАМУ менен Германиянын Илим изилдөө институтунун ортосунда кызматташтык келишими түзүлдү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор Сакбаева Зулфия Германия академиялык алмашуу кызматы (DAAD) программасы боюнча Германиядан 2 айлык мөөнөт менен өз билимин өркүндөтүп келди.

ЖАМУнун профессору З.Сакбаева 2018-жылдын 1-апрелинен 31-майына чейин Германия мамлекетинин Брауншвайг шаарындагы «Өсүмдүктөрдүн азыктануусу жана топурак таануу илимдери” институтуна барып, өз тармагы боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп келди. Билимин өркүндөтүү боюнча институттун окумуштуулары менен тажрыйба алмашып, алардын жүргүзүп жаткан илимий иштерине катышып, керектүү маалыматтарды ала алды. Жыйынтыгында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жана «Өсүмдүктөрдүн азыктануусу жана топурак таануу илимдери” институтунун ортосундагы илим изилдөө багыты боюнча келишимге кол коюлду.

Бул келишим келечекте эки мекеменин кызматкерлеринин жана ЖАМУнун студенттеринин илимий-изилдөө багытындагы иштеринин өсүп-өнүгүшүнө жана дүйнөлүк илимди таанып билүүсүнө өбөлгө түзөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть