31-майда "Сейтек" балдар борборунда өткөн Тамашоунун 10-сезонунун финалдык беттешинде "Ала-Тоо", "Ошингтон", "National", "Оригинал", "Нур Ивент" командалары катышып, "Тамашоунун" кубогу үчүн ат салышты. Аталган финалдык беттеште өзгөчө чыгармачылыгын көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн жана калыстардын жогорку баасына татыган “Ошингтон” командасы чемпиондукту жеңип, кубок, диплом менен сыйланды.
Оюнга режиссёр Рысбек Жабиров, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Мирлан Өмүралиев, эстрада ырчысы Урмат Усенов, стилист-дизайнер Замира Молдошева, "KG Групп" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов, тай-бокс, кикбокс боюнча чемпион Жаныбек Бейшебек уулу жана "No name" командасынын түптөөчүсү Эмил Токтошов калыс болушту.
Буга чейин ОшМУнун "Nо name" командасы "Тамашоу" лигасынын 6-сезонунун чемпиону болгон. Ош мамлекеттик университети дайыма ар тараптуу талантуу жаштарды колдоп, стимул берип, демөөрчүлүк көрсөтүп келет.