17:09 12 июня 2018

Улуттук университетке Кытай элдик университетинин делегациясы келди

2018-жылдын 12-июнь күнү КУУнун ректору Канат Садыков Кытай элдик университетинин проректору, э.и.д., профессор У Сяоцю мырза баштаган КЭУнун делегациясын кабыл алды. Жолугушууда эки жогорку окуу жайдын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Маек учурунда Канат Садыков менен У Сяоцю мырза Кыргыз улуттук университети менен Кытай элдик университетинин ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү тууралуу өз ойлорун ортого салышты.

Жолугушууга КЭУнун каржы жана акча жүгүртүү институтунун вице-президенти Чжао Сицзюнь мырза, эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн директорунун орун басары Ли Чжэньши айым, «Chongyang» илим изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери Чэнь Чжихэн мырза, эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн кызматкери Хэ Цзинь айым, о.э. КУУнун ректорунун кеңешчиси Асанбек Осмоналиев, КУУнун алдындагы "Бир алкак - бир жол" билим берүү борборунун директору Рашид Юсупов, КУУнун алдындагы Конфуций институтунун директору Масалбек Сулайманов, экономика факультетинин деканы Эркин Кулова, анын орун басары Гүлзат Ташкулова жана аталган факультеттин "Экономика" кафедрасынын доценти Алла Имакеева да катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть