13:12 22 июня 2018

Техникалык университетте мамлекеттик тилдин абалы текшерилди

КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын жогорку жана кесиптик билим берүү мекемелериндеги мамлекеттик тилдин абалы менен таанышуу жана аларга практикалык жардам берүү максатында түзүлгөн комиссия И.Раззаков атындагы КМТУда текшерүүнүн жыйынтыгын 2018-жылдын 21-июнунда чыгарды.

Жыйынга текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү, КМТУнун жетекчилиги, факультеттердин декандары, институттардын директорлору, кафедра башчылары, тил бөлүмүнүн кызматкерлери, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, жооптуу кызматкерлер катышты. Жыйынды ректор М.Жаманбаев ачып берип, андан кийинки сөз кезеги КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеевдин аткарылган иштерге кыскача баа берүү, каалоо-тилек, алдыдагы милдеттер тууралуу баяндамасы угулду.

Университеттеги мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы жалпы уюштуруучулук-башкаруучулук иштердин маалыматын жана текшерүүнүн жыйынтыгын комиссиянын билим берүү жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, текшерүү комиссиясынын төрайымы А.Ишеналиева айтып берди.Жетишкендиктер менен катар эле кемчиликтерге да токтоло кетти: AVN программасын кыргызчалатуу, окуу программаларын, окутууну Кыргызтест системасынын талабына ылайык жүргүзүү, Википедияга университеттин окутуучулары жана окуу жай тууралуу маалыматтарды киргизүү, кыргыз тилинде окуган окуу топторун көбөйтүү ж.б.

КРдин ББжИМ Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ибраимова университеттеги алгылыктуу иштерди айтып өттү.

Текшерүүдө негизинен деканаттарда жана кафедраларда иш кагаздарынын жана окуу-усулдук комплекстердин, окуу программаларынын, окуу китептеринин, көрнөк-жарнактардын мамлекеттик тилде даярдалышына басым жасалды. Жыйындын аягында Өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча проректор Б.Төрөбеков текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча иш-чараларга жана алдыдагы милдеттерге токтолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть