15:06 25 июня 2018

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин 9-июндагы чечими менен университеттин өнүгүшүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн Өмүрбеков Токторбек Наматбековичке «С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Ардактуу Профессору» наамы ыйгарылды.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Өмүрбеков Токторбек Нааматбекович азыркы учурда Ж.Баласагын атындагы КУУнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору кызматын аркалап келет. Ал – Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхы боюнча жазылган 180ден ашуун илимий, окуу-методикалык эмгектердин, анын ичинде 6 монография, 15тен ашуун окуу китептери менен окуу-методикалык куралдарынын автору. XVI-XIX кылымдардагы кыргыз тарыхы жана тарыхый инсандары, XX кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймыл, Кыргызстандагы аз сандуу улуттардын коомдогу ролу жана жалпы эле Кыргызстан тарыхын орто мектептерде окутуу маселелери боюнча чыгаан адис.

Эмгегиндеги ийгиликтери, илимге кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, «Манас-1000» юбилейлик медалы менен сыйланган. Кыргызстан тарыхчылар жамаатынын Белек Солтоноев наамындагы сыйлыгынын ээси жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

НМУда профессор Т.Токоев атындагы кыргыз тили жана адабияты усулканасы ачылды

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть