13:48 25 июня 2018

КМУда Муратаалы бийге арналган илимий-практикалык конференция өттү

2018-жылдын 22-июнунда Кыргыз мамлекеттик университетинин илим иштери боюнча проректору Каниметов Эмил Жангорозович «КРнын аймактарынын тарыхы инсандардын элесинде. Ысык-Көл. Муратаалы бий» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Конференцияга КМУнун ректору, профессор Т.Абдырахманов, Жогорку Кеңештин өкүлү, экс-депутат К.Дыйканбаев, Илим иштери боюнча проректор Э.Каниметов, белгилүү илимпоз-окумуштуулар Т.Тургуналиев, С.Мусаев, К.Молдокасымов, Б.Бөрүбашев, Д.Сапаралиев жана Муратаалы бий Бирназар уулунун урпактары катышты.

Илимий практиканын максаты – аймактардагы легендарлуу инсандардын элесине, алардын басып өткөн өмүр жолун изилдөө, эскерүү аркылуу аймактардын элинин тарыхын жалпы кыргыз элинин тарыхынын контекстинде карап чыгууга арналган.

«КРнын Президенти 2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу биздин окуу жайда бул Жарлыкка ылайык көптөгөн иш-чаралар байма-бай өтүүдө. Алардын катарында бүгүнкү Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан айтылуу Муратаалы бий Бирназар уулуна арналган иш-чара өз ишин ийгиликтүү баштоонун алдында турат. Негизинен, азыркы мамлекеттик саясатта аймактардагы элдин тарыхынын, маданиятынын, башкаруу жана бийлик жүргүзүү тажрыйбасынын эске алынышы аймактарды өнүктүрүү иштеринин натыйжалуу ишке ашышынын негизги өбөлгөсү болуп саналат. Кыргыз элинин басып өткөн тарыхында Муратаалы бий Бирназар уулунун өмүрү Ысык-Көл аймагынын жана кыргыз элинин тарыхы, тагдыры менен тыгыз байланыштуу. Азыр тарыхтагы көптөгөн маселелер кайрадан каралып, жаңыланып жаткан кезде Муратаалы бий сыяктуу инсандардын өз доорундагы бийлик жүргүзүү тажрыйбасын, аймактык саясатты аныктоодогу карманган позициясын, тарыхый таасирин изилдеп, тактап, карап чыгуу биздин коом үчүн актуалдуу маселе», – деди ректор, профессор Т.Абдырахманов.

Ошондой эле Илим иштери боюнча проректор Э.Каниметов буларга токтолду. «Кыргыз элинин тарыхындагы абдан катаал шарттарда да өзүнүн намыстуу руху-духун сактаган Муратаалы бийдин элесин эскерүү биздин тарыхыбыздагы намысты туу туткан чыгаан адамдарга болгон сый-урматтын белгиси деп билем. Тарыхтын уланаарын, элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн чыгаан жетекчилер элдин эсинде сакталып тарыхта жазыларын эске алуунун зарылчылыгы бар. Азыркы шартта да сабак болуучу мааниси чоң. Иш-чаранын жыйынтыгында жана архивдик материалдардын негизинде Мурааталы бий Бирназар уулу жөнүндө такталган маалыматтар атайын жыйнак болуп чыкмакчы», – деди Э.Каниметов.

Тарых илимдеринин доктору К.Молдокасымов Муратаалы бий Бирназар уулунун өмүр-жолуна, ошол доордогу бул инсандын кадыр-баркына, элине кылган кызматына кеңири токтолуп өттү. «1868-жылы Жакыпбекке кошулуп, түндүк кыргыздарды Орус империясына каршы кол топтоп, аларга курал-жарак берип жатыпсың деп орус аскерлери тарабынан суракка алынган экен. Анда Муратаалы бий 86 жашта болуптур. Ошондо ал айткан: «Мен ак сөөкмүн, мусулманмын. Азыркы тапта ден-соолугум жакшы эмес. Ал эми Жакыпбек менен менин мамилем жок жана орустарга каршы эч кандай кол топтогон жокмун» деп айтканы архивдик документтерде сакталуу», – деди тарыхчы К.Молдокасымов.

Бишкек гуманитардык университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору, Д.Сапаралиев: «Муратаалы бий Бирназар уулу тууралуу архивдик материалдар Россиянын, Казакстандын мамлекеттик архивтеринде сакталып калган. Архивде Муратаалы бий Берназар уулу деп жазылган. Муну кээ бир кыргыздын окумуштуулары деле Берназар деп колдонушууда. Бул туура эмес, орустар бурмалап жиберишкен. Туурасы Бирназар. Ал эми Мурааталы бий Боромбайга эч кандай каршы чыккан эмес, чыгышы да мүмкүн эмес. Анткени Муратаалы бий да Боромбай сыяктуу элдин акылман, насаатчы, алысты көрө билген көрөгөч инсандарынын бири болгон», – деди өз сөзүндө.

Улуу инсанды эскерүү үчүн Ысык-Көл өрөөнүнөн анын урпактары да келишип, эл оозунда Муратаалы бий тууралуу айтылып калган кептерден айтып өтүштү.

Иш-чара «Муратаалы бий Бирназар уулу жердеген жерлер» деген аталыштагы слайдды көрсөтүү менен аяктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть