16:35 28 июня 2018

Нарындык окуучу Дубайда өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада жеңүүчү болду

Автор: УЦА

10 жаштагы Амина Орозобекова Нарын шаарында туулган. 2017-жылдын декабарь айында ал Борбордук Азия университетинин (БАУ) алдындагы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин менталдык арифметика боюнча курсуна жазылган. Ал эми жарым жылдан кийин, 2018-жылдын июнь айында ал Дубайда өткөн менталдык арифметика боюнчадүйнөлүк олимпиадада 1-орунга ээ болду.

Менталдык арифметика боюнча Глобалдык ассоциация тарабынан уюштурулган бул олимпиадага 15 өлкөдөн 200 бала катышты: Бириккен Араб Эмираттары, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Россия, Украина, Румыния, Түркия, Малайзия, Филиппин, Индия, Таиланд, Япония жана Кытай. Амина 80 катышуучунун арасынан Кыргызстандан жана Нарын облусунан жалгыз өкүл катары барып катышып келди. «Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинен алган билим мага 1-орунду алганга жардам берди. Мен өзүмдүн менталдык арифметика боюнча мугалимим Нүргүл Газбековнага жана аталган мектепке терең ыраазымын», - дейт Амина.

«Менин кызым колунан келген аракетин жасады жана катышуучулардын арасынан биринчи болуп жеңишке жетишти. Мага Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин программалары жагат жана башка ата-энелерди да балдарын ушул мектептин курстарына жаздырууга чакырат элем», – дейт Борбордук Азия университетинин Нарын кампусунда иштеп, кызы менен бирге Дубайга барып келген Аминанын атасы Нурлан Жунушов. Ошондой эле аталган жогорку окуу жайдын Нарын шаары жана Нарын облусунун жашоочулары үчүн кылып жаткан бардык иштерине ыраазычылык билдире турганын айтты.

Бул жылы Амина Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин 3-классын бүтүрдү. Ал Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде курстарын улантууну максат кылат. Азыркы учурда төрт деңгээлди аяктады, дагы 5-деңгээлди басып өтүп, менталдык арифметика боюнча “Супер чемпион” наамына ээ болууну кыялданууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть