18:07 29 июня 2018

ОшМУда жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин тренинг-семинары өткөрүлдү

ОшМУнун Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан 2018-жылдын 21-23-июнунда Жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин “Илимий изилдөө иштеринин методологиясы” деген темадагы тренинг-семинары өткөрүлдү.

Бул иш-чарада Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М.Анарбаева, профессор Ч.Р.Кулуева, Эл аралык Ала-Тоо университетинин экономика кафедрасынын башчысы, доцент Н.Б.Алымкулова, Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башкы инспектору М.Сүйүтбекова тарабынан илимий изилдөө иш-аракеттерин уюштуруунун негизги эреже-талаптары, илимий эмгектерди даярдоо жана басылмаларга жарыкка чыгаруу, “Web of science”, “Skopus” системаларына катталуу жана макалаларды жарыкка чыгаруу, диссертацияны жазуу жана аны коргоого сунуштоо ж.б. маселелер боюнча баяндамалар жасалып, тренингдер өткөрүлдү.

Аспиранттар жана изденүүчүлөр бардык суроолоруна кеңири жоопторду алышты.

Жаш окумуштуулардын жайкы мектебинин тренинг-семинарлары жыл сайын салттуу иш-чара катарында өткөрүлүп келет жана илимдин талапкерлери үчүн абдан натыйжалуу экендигин белгилөөгө болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть