14:10 6 июля 2018

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кирүү сынагы 8 июлда өтөт

2018-жылдын 8-июлунда, башкача айтканда, жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде өтүүчү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кирүү сынагы өтөт.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2018-2019-окуу жылы үчүн кирүү сынагы 2018-жылдын 8-июль күнү саат 10.00дө университеттин башкы корпусунда жана Экономика жана башкаруу факультети, Коммуникация факультетинде, БГУнун, И.Раззаков атындагы техникалык университетинин жана Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин аудиторияларында болуп өтмөкчү.

Быйылкы жылы Манас университетине кирүүнү каалаган абитуриенттердин саны мурунку жылдарга салыштырмалуу алда канча көп, тагыраак айтканда, 2018-2019-окуу жылы үчүн тапшыргандардын саны 6614гѳ жетип, бир орунга 6-7 студент туура келет. Университет мындан сырткары Кыргызстанда өткөрүлгөн Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен да 100 студент кабыл алат.

Кирүү сынактары Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Ал эми абитуриенттерди каттоо республикабыздын областтарынын борборлорунда жана Бишкек шаарында жүргүзүлдү.

Университеттин студенттерди тандоо сынагынын жыйынтыгы үч күндѳн кийин белгилүү болмокчу. 

Маалымат: Кыргыз-Түрк «Манас» университети 1995-жылдын 30-сентябрында Измир шаарында Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан кол коюлган «Кыргыз-Түрк «Манас» университетин куруу жөнүндөгү» келишимдин негизинде ачылган. 1997-1998-окуу жылынан тартып, студенттерге билим бере баштаган.

Кененирээк маалыматты бул шилтемеден окуй аласыз:

http://exams.manas.edu.kg/index.php/ru/23-osym/120-vstupitelnye-ekzameny-v-kyrgyzsko-turetskij-universitet-manas-2018

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть