12:39 10 июля 2018

Түркиядагы Кастамону университетинин делегациясы Нарын мамлекеттик университетинде болду

2018-жылдын 6-июлунда боордош Түркия Республикасынын Кастамону университетинин расмий делегациясы С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде иш сапар менен болуп кайтты. Курамына Түркиянын Кастамону шаарынын вице-мэри Ахмед Севгидиоглу, мэриянын жана Кастамону университетинин жооптуу кызматкерлери кирген делегацияны Кастамону университетинин ректору Сейит Айдин жетектеп келген.

Иш сапардын негизги максаты – Нарын мамлекеттик университети менен Кастамону университетинин ортосунда 2017-жылдын 12-декабрында түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында аткарылуучу иш-чараларды талкуулоо, келечек пландарды түзүү. Келишимдин алкагында Нарын университетинин базасында Кыргыз-Түрк факультетин түзүү, биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, илимий жана педагогикалык кызматташтыкты өнүктүрүү сыяктуу зор максаттар коюлган. Түрк боордошторубуз жаӊы түзүлүп жаткан Кыргыз-Түрк факультетинин окуу имаратын, ветеринардык клиниканын жана жатакананын имаратын курууга жардам кылууга ниеттенип жатышат.

Талкуу жогорку маанайда өтүп, кызматташып жаткан эки тарап өз ара максаттарын, ойлорун ортого салышты. Мындай кызматташтык кыргыз эли менен боордош түрк элинин, Нарын университети менен Кастамону университетинин ортосундагы жылуу мамилени бекемдей турганына шек жок.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Чыгаан окумуштууга "Нарын университетинин Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Нарын мамлекеттик университети менен "Солюшинс" окуу борборунун ортосунда келишим түзүлдү

Нарын университетинин доценти Ташкентте ЮНЕСКОнун долбоорунун жыйынтыгын талкуулоого катышып келди

С.Нааматов атындагы НМУда «Көчмөндөр маданиятынын баалуулугу, өзгөчөлүгү жана тарыхы» аттуу тегерек стол болуп өттү

НМУда профессор Т.Токоев атындагы кыргыз тили жана адабияты усулканасы ачылды

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть