10:03 27 августа 2018

«Көчмөндүк, мобилдүүлүк жана массалык маалымат каражаттары» конференциясынын негизги докладчиктери аныкталды

2018-жылдын 29-30-августунда Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Борбордук Азия Америка университетинде “Көчмөндүк, Мобилдүүлүк жана Массалык маалымат каражаттары” аттуу эл аралык конференция өткөрүлө тургандыгы жөнүндө Борбордук Азия Америка университети (БААУ) маалымдайт.

Конференция 2-8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат. Конференциянын уюштуруучулары: БААУнун журналистика жана массалык коммуникациялар департаменти менен телевидение, кино жана визуалдык искусство департаменти адамдардын мобилдүүлүгүн, маалыматтарды жана массалык коммуникацияларды изилдеген окумуштууларды өлкөгө чакырган.

Дүйнө жүзүндөгү азыркы жана мурунку көчмөндүктүн түрдүү концепцияларын жана мобилдүүлүктү изилдеген 15 өлкөдөн келген белгилүү медиа жаатындагы профессионалдар, журналисттер, культуролдогдор конференцияга катышуусун ырастады. Төмөнкү докладчиктердин чыгып сүйлөөсү күтүлүүдө:

- Шин Дунг Ким, илимдер доктору, Медиа жана коммуникациялар мектебинин профессору, Халым университетинин Коммуникация искусстволору жана технологиялар институтунун директору, Түштүк Корея;

- Нелло Баррилле, илимдер доктору, профессор, медиа, саясий маданият жана коммуникацияны изилдеген окумуштуу, Милан, Италия;

- Пеями Чиликжан, илимдер доктору, профессор, коммуникациялар колледжинини жана Шехир университетинин деканы жана вице-президенти, Стамбул, Туркия;

- Асма Калыбекова, педагогика илимдеринин доктору, Эл аралык психология илимдер академиясынын жана Казакстан Республикасынын педагогикалык илимдер академиясынын академиги, Шымкент, Казакстан;

- Мар Байжиев, Кыргыз эл жазуучусу, киноакадемик;

- Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору, КУУнун профессору, “Кыргыз Тарых Коомунун» президенти, Бишкек, Кыргызстан;

- Октябрь Капалбаев, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окуу башкармалыгынын начальниги, Бишкек, Кыргызстан.

Катышуучулар Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынынын ачылыш аземине, “Кырчын” шаарчасы тартуулаган этно-маданий программасына күбө болуп, көчмөндөрдүн жашоо-тиричилигин, маданиятын жана оюндарын көрүп, көңүлдөрүндө унутулгус элес калтырат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть