14:55 28 августа 2018

Медакадемияда мамлекеттик тил боюнча семинар болот

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында сентябрдын экинчи декадасында мамлекеттик тил боюнча окуу семинары болот. Анда окутуучулар менен кызматкерлер медициналык терминдерди кыргызча туура которуу жана пайдалануу, окуу китептери менен окуу куралдарын кыргызчалоо, иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү маселелерин талкуулап үйрөнүшөт.

Мындай чечим КММАда бүгүн, 28-августта өткөн жыйында кабыл алынды. Аталган жыйында ошондой эле “Кыргызтесттен” сынак тапшыруу алдында жогорку окуу жайынын кызматкерлери менен окутуучуларына усулдук көмөк көрсөтүү да каралды. Андан сырткары, Мамлекеттик тил майрамында мыктылардын мыктыларын аныктоо жана сыйлоо жөнүндө иштиктүү кеп жүрдү.

Жыйынды Медакадемиянын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Сапаргүл Наралиева алып барды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть