13:47 3 сентября 2018

Конфуций институтунда лингафон кабинети ачылды

2018-жылдын 1-сентябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунда лингафон кабинетинин ачылуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Салтанатты ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов өзү ачып, кытай тилин үйрөнүүнү каалаган жаштар үчүн дагы бир жакшы шарт түзүлгөндүгүн баса белгилеп, жаңы окуу жылында ушундай ийгиликтердин көп-көп болушун каалады.

Институттун директору, филология илимдеринин кандидаты, доцент М.Шакирова лингафон кабинетине жайгаштырылган техникалык жабдуулардын иштөө функцияларын презентациялады. Анын айтымында, техникалык жабдуулар заманбап, акыркы үлгүдөгү моделдер болуп, бир эле учурда бир канча функцияларды аткарууга ылайыкташкан. Мисалы: синхрондук которуу, студенттер менен жекече иштөө, тайпалык иш алып баруу, деталдарды демонстрациялоо ж.б. Лингафон кабинеттеги негизги башкаруу системасын BI-2086B программасы түзөт. Бир эле учурда бир нече программа менен башка чет тилдерин да үйрөтүүгө боло турган артыкчылыкка ээ. "Бул Кытай Эл Республикасы тарабынан окуу жайдын студенттери үчүн жаңы окуу жылына карата чоң белек болду", - дейт М. Шакирова.

Иш-чарага ЖАМУнун проректорлору, бөлүм башчылары, профессорлор, доценттер катышып, куттуктоо сөздөрүн, каалоолорун айтып кетишти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть