15:47 1 сентября 2018

КМУда Билим күнү белгиленди

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУда 1-сентябрь – Билим күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага университеттин жетекчилиги, курам башчылары, окутуучулар, алыскы Япония мамлекетинен келген өкүлдөр, 1-курстун студенттери жана алардын ата-энелери катышты. Майрамдык иш-чара ректор Төлөбек Абдырахмановдун куттуктоо сөзү менен башталды.

«Урматтуу эже-агайлар, ата-энелер жана студенттер. Сиздерди бүгүнкү Билим күнү менен куттуктайм жана өзгөчө 1-курстун студенттерине, алардын ата-энелерине ыраазычылык билдирем. Анткени сиздер жогорку билимди алгачкы кыргыз агартуучусу Ишенаалы Арабаевдин ысымын алып жүргөн биздин куттуу окуу жайыбыз болгон Кыргыз мамлекеттик университетин тандап, биздин окутуучуларыбызга терең ишеним артып келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдирмекчимин. Ал эми жаңы окуу жылында университетибизде жаңы жетишкендиктер жана ийгиликтер көп болсун», - деди ал.

Философия илимдеринин доктору, профессор К.Үтүев, Манас таануу институтунун директору Т.Тургуналиев, Профсоюз комитетинин башчысы Э.Шакиров жана Япониядан келген өкүл «Рилейшеншип» компаниясынын президенти Ш.Тераока мырза студенттерди куттукташты.

«Рилейшеншип» компаниясы сиздердин университет менен акыркы 2 жылдан бери тыгыз байланышта иштешип келе жатат. Быйылкы жылы компания материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында Япон таануу институтун окуу китептер менен камсыздоо үчүн 250 миң сом өлчөмүндөгү акчалай жардам бермекчи. Биз менен тыгыз байланышта иштешип келе жаткан университеттин ректору, профессор Т.Абдырахмановго ыраазычылык билдиребиз», - деди Ш.Тераока мырза.

КМУнун бүтүрүүчүлөрү да педагогдук кесипти тандаган келечектеги заманбап адистерге өздөрүнүн кеп-кеңештерин айтышты.

Кеченин соңунда студенттер тарабынан концерттик программа тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть