15:51 3 сентября 2018

КМУнун ректору Т.Абдырахманов Япониядан келген «Рилейшеншип» компаниясынын директору Ш.Тераока менен жолугушту

Ректор Т.Абдырахманов алыскы Япония мамлекетинен келген «Рилейшеншип» компаниясынын директору Ш.Тераока мырза жетектеген делегацияны кабыл алды. Жолугушууда тараптар өз ара кызматташуу, байланышуу тууралуу сөз кылышты. Ректор окуу жай жөнүндө толук тааныштырып, келечекте аткарыла турган иштерге токтолду.

Акыркы жылдары университет Япониядагы алдыңкы жогорку окуу жайлар менен тыгыз алака түзүп, иштешип келе жатат. Бул туралуу Ш.Тераока мырза буларга токтолду.

«Япон тилин окутууда өз алдынча институт ачылышы биз үчүн сыймык. Компания япон тилин үйрөнүп жаткан студенттерге материалдык, моралдык жактан жардам көрсөтүүгө ар дайым даяр. Быйылкы жылдын эсебинен институтка окуу китептер менен камсыздоо үчүн 250 000 сом өлчөмүндөгү акчалай жардам берели деп чечтик. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү жана КРнын жарандарын иш менен камсыздоо максатында биз менен тыгыз байланышта иштешип келе жаткан университеттин ректору, профессор Т.Абдырахмановго жана институттун директору А.Самаровго ыраазычылык билдиребиз», – деди Ш.Тераока мырза.

Жолугушуунун аягында ректор Т.Абдырахманов жана директор А.Самаров келген конокторго баалуу белектерди тапшырышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть