11:00 4 сентября 2018

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Оштун студенттери өлкөбүздүн капчыгын 1 алтын, 1 коло медаль менен толуктады

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун тажик улуттук күрөшү боюнча мелдеште 68 килограммга чейинки салмак категориясында ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин 2-курсунун студенти Марлен Абдрасулов түркмөнстандык Бегенч Йагмур менен күрөшүп Кыргызстандын капчыгына алгачкы алтын медалды алып келди.

Ал эми 3-сентябрь күнү алыш күрөшү боюнча мелдеште 75 килограммга чейинки салмак категориясында ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти, эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери Алтынай Мамарасул кызы коло байгени утуп алды.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында намыска бек туруп, өлкөбүздүн желегин желбиреткен стденттерибизди университеттин жалпы жамаатынын атынан куттуктап, чын ден соолук, ийгиликтерди каалайбыз. Дайыма эл намысына жараган, өлкөбүздүн желегин желбиреткен намыскөй уул-кыздардан болгула. Биз силер менен сыймыктанабыз!

Белгилей кетсек, көчмөндөр оюндарында 594 медаль ойнотулуп, алардын 174ү алтын, 173ү күмүш жана 247си коло медаль болуп саналат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть