9:57 5 сентября 2018

ОшМУ жаңы окуу жылын жаңы максаттар менен тосуп алды

Ош мамлекеттик университети Билим күнүнө арналган салтанатта университеттин босогосун алгач ирет аттап жаткан студенттерди тосуп алды.

Университеттин башкы имаратында уюштурулган жыйында ОшМУнун ректору Каныбек Исаков жамааттын ар бир мүчөсүн Кыргыз Республикасынын эң улуу майрамы болгон Эгемендүүлүк күнү жана ага удаалаш келген Билим майрамы менен куттуктады жана 2018-2019-жаңы окуу жылына карата университеттин окутуучу-профессордук курамына жана студенттик жамаатына кайрылуу жасады.

“Сыймыктуу окуу жайыбыз “Даңк” ордени менен сыйланып, жамаатты шыктандырса, Испаниянын Кадис университети менен биргеликте Кыргыз-Европа факультети, ошондой эле IT академия, Киноакадемия ачылып, студенттер кабыл алынды. V Азия оюндарында студентибиз Мамарасул кызы Алтынай алыш күрөшү боюнча алтын медаль, түркмөн күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болду. ОшМУда алгачкылардан болуп бүтүрүүчүлөрдүн диплом алуу процессин жеңилдеткен “Бирдиктүү терезе” долбоору ишке кирди. Дүйнөдөгү Конфуций институттарынын салтанаттуу жыйынында ОшМУнун билим берүүдөгү ийгиликтери эң мыкты деп таанылып, Алтын медаль ыйгарылды. Ал эми ОшМУнун ректоруна Кытай өкмөтүнүн вице-премьери “Эң мыкты ректор” деген эл аралык сыйлык тапшырды.

ОшМУ Казакстандын НААР эл аралык агенттиги тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги-2018” изилдөөсүнүн Генералдык рейтингинде биринчи орунга ээ болдук. Университет институционалдык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, 5 жылга ишмердүүлүк жүргүзүүгө сертификат алдык.

Эл аралык деңгээлдеги конференциялар уюштурулуп, илимпоз окутуучуларыбызга мамлекеттик ардактуу наамдар ыйгарылды. Ошондой эле эл аралык мамилелерибиз артып, 500дөй студент, 200дөй окутуучуларыбыз сырткы мобилдүүлүктөн өтүп келишти. Искусство факультетинин жаңы окуу корпусунун ачылышы Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун катышуусунда өтүп, анда өлкө башчысы ОшМУ – Кыргызстандагы жогорку билим берүүсүнүн авангардына айландыгын белгиледи”, -деген ректор Каныбек Исаков жаны окуу жылына карата пландар менен тааныштырды.

Кайрылууда ““Ош декларациясы” аркылуу Кыргызстандагы ЖОЖдордун биримдигин бекемдейбиз. Заманбап инфраструктура түзүүнү улантабыз. Илимий иштердин сапатын көтөрүп, эл аралык таанымал индекстеги журналдардын талаптарына ылайык иштейбиз. Университеттин илимий потенциалын көтөрөбүз. Окутуучуларыбыздын, профессорлорубуздун эмгек акысын көтөрүп, талапты жогорулатабыз. Коррупцияны демонтаждоочу механизмдерди түзөбүз. Сентябрь айынын башында Кара-Кулжада, Кара-Сууда, Ноокатта ОшМУнун гимназияларын ачабыз. Бардык структураларда санариптик технологияларды өркүндөтөбүз. Аккредитацияга байланыштуу иштерди күчөтөбүз. Көп тилдүүлүккө басым жасайбыз. Бардык ишмердүүлүктө ачык-айкындуулукка, демократиялык баалуулуктарга умтулабыз. Студенттердин мобилдүүлүгүн дагы да өркүндөтүүгө, студенттерибиздин өзүн-өзү реализациялоосуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жөндөмдүү, таланттуу, демилгечил студенттерге жол ачабыз”,-деп айтылды жана быйылкы окуу жылын “Билим сапатын көтөрүү” жылы деп жарыялады.

Башкы имараттагы жыйындан соң ректор жаны курулуп, пайдаланууга берилген Искусство факультетинин окуу имаратынын алдында Искусство, Эл аралык мамилелер жана Кыргыз-Кытай факультеттеринин студенттери менен жолугуп, жаңы окуу жылы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, Билим күнүнө арналган мындай жыйындар университеттин бардык окуу корпустарында да болуп, жыйынга проректорлор, тиешелүү структура жетекчилери катышып, жамаатка кайрылуулар тааныштырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть