9:54 11 сентября 2018

Экс-президент Роза Отунбаева ОшМУда жүзөгө ашып жаткан инновациялык иш-аракеттер менен таанышты

Кечээ, 10-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “Роза Отунбаевнын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун жетекчиси Роза Отунбаева Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келди. Анын алкагында ОшМунун ардактуу профессору катары окуу жайдын окутуучулук-профессордук курамы жана студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда билим берүү тармагындагы акыркы маалыматтар, илим, техника, инновация жаатындагы жаңылыктар, дүйнөдөгү заманбап көрүнүштөр тууралуу кызыктуу лекция окуду. Ошондой эле окутуучуларды, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди жана Кыргызстандын 2 жолку Улуттук чемпиондору болгон ОшМУнун “Енактус” командасы менен кездешти.

Жолугушуудан соң университеттеги акыркы жылдары активдүү жүзөгө ашып жаткан инновациялык иш-аракеттер менен таанышты. Алардын катарында жаңы окуу жылында пайдаланууга берилген Искусство факультети жана 2017-жылы пайдаланууга берилген Кыргыз-Кытай факультетинде болуп, окуу имараттарында заманбап билим алууга түзүлгөн шарттар менен таанышып, окутуучулар, студенттер менен баарлашты, ошондой эле окуу жайдын жүргүзүп жаткан иш-аракеттерине жогорку баасын берди.

Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университети акыркы 3 жыл аралыгында 12 окуу имаратын куруп, пайдаланууга берген. Экс-президент таанышкан Искусство факультетинин уникалдуулугу — корпустун сыртына 38 метрге жеткен кыргыздын улуттук аспабы комуздун элеси орнотулгандыгында. Комуз түнкүсүн жарык берип, тыныгуу мезгилинде комуз күүсү жаңырып турат. Окуу имаратында тигүү цехтери, көргөзмө залдары, окуу залдары, жекече сабактарды, вокал, эстрада, музыкалык түрдүү форматтагы сабактарды, иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан окуу кааналары бар. Аталган имарат ушул жылдын 9-сентябрында өлкө башчысынын катышуусунда ачылган болчу.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть