14:40 13 сентября 2018

Оренбург шаарында дүйнөнүн жаштары чогулду

Европа менен Азиянын жүрөгү болгон Ромссиянын Оренбург шаарында 4-10-сентябрда “Евразия” эл аралык жаштар форуму болуп өттү. Анын алкагында шаардагы “Армада” конгресс-борборунда жаштардын мамлекеттик башкаруу саясатына аралашып, жогорку кызматтарды ээлөөсү, жаштар өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы кыймылдаткыч күчү экендиги, жаштардын кызматка келүүсү менен бийликте кандай өзгөрүүлөр болуп жатат деген суроолордун тегерегинде диалог, пикир алмашуулар, пленардык жыйындар, панелдик дискуссиялар жүрдү. Россиянын Жаштар иштери боюнча федералдык агенттиги жана Жаштардын ресурстук борбору тарабынан уюштурулган бул иш-чарага дүйнөнүн, анын ичинде, Европа, Азиянын 77 өлкөсүнөн жана Россиянын 50дөн ашуун шаарларынан келген 1000ге жакын жаш делегаттар келишти. Ага ОшМУдан эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы доцент Амиралиев Семетей дагы катышып келди.

Дүйнөнүн булуң-бурчунан чакырылган жигердүү жаштардын башын бириктирип, достук мамилени курчутуп, учурдагы заман чакырыктары жана коркунучтары боюнча маанилүү маселелерди талкуулоого кенен аянтча түзүү, жаш активисттердин таанышууларына, достошууларына, ой бөлүшүүлөрүнө шарт түзүү съезди уюштуруучулардын башкы максаты болгон. Форум орус тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдүн элдик дипломатиясынын, эл аралык кызматташуусунун маанилүү инструментарийи экендиги, орус тили жаштардын эл аралык кызматташуусунун, маданий, саясий жактан өнүгүү планында жуурулушуп, жакындашууларынын башкы булагы экендигине басым жасалды.

Жаштардын өзүн өзү реализациялоосуна, демилгелерин, социалдык, бизнес долбоорлорун ишке ашырууга мамлекет максималдуу шарттарды жаратып, мотивация бериш керек экендиги өзгөчө белгиленип, жаштарды маданий, моралдык жактан калыптандырып, тарбиялоодо ЖОЖдор дагы башкы функцияны аткарып жаткандыгы кошумчаланды.

“Бир жумалык жыйында:

- Мамлекеттик саясий көптөгөн процесстерге жаштар кыймылдарынын учурда тартылуусу кандай жүрүп жатат?

- Жаштардын өлкөдөгү негизги миссиясы, милдеттери, жоопкерчиликтери кандай?

- Азыркы жаштар эмне менен сыймыктанышат, эмнени туу тутушат?

- Бийлик менен жаштардын ортосунда сапаттуу диалогдук мейкиндик түзүү үчүн эмнеге жетишүү керек? ж.б. сыяктуу көптөгөн актуалдуу маселелер

талкууланды.

Тренинг, мастер-класс, семинарлар, фестивалдарга жык толгон бир жумалык жаштар форуму спорттук, маданий, көңүл ачуучу, концерттик, экскурсиялык, экспонаттык иш-аракеттер менен дагы коштолду. Форумдун жыйынтыгында ар бир катышуучу сертификаттарга ээ болду. Жаштардын достошуусунун көпүрөсү болгон бул иш-чара Оренбург шаарында жыл сайын өткөрүлмөй болду. Жаштардын форумдан алган тажрыйбалары өз өлкөлөрүнүн, балким тагдырын өзгөртүүгө таасир этиши мүмкүн”, - деп кошумчалады Семетей Манасович.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть