12:48 24 сентября 2018

ЖАМУда мамлекеттик тилдин 29 жылдыгына карата сынак жыйынтыкталды

ЖАМУнун кыргыз тили кафедрасы тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата эссе жазуу боюнча 1-курстун студенттери арасында сынак өткөрүлүп, жыйынтыгында мыкты жазган студенттерге ЖАМУнун дипломдору ыйгарылды. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Гулжан Бакирова кабарлады.

Сынакка жалпы 1-курстун студенттери катышып, “Мамлекеттик тил кечээ, бүгүн жана эртең” деген теманын алкагында эсселерди жазышты. “Студенттер жазган эсседе кеп маданиятынын бузулуп бара жатканы, көчөлөрдө илинген көрнөк-жарнактардын тиешелүү адистердин текшерүүсү жок, катасы менен илинип турганы жазылган. Андан сырткары, эне тилибизди өнүктүрүү үчүн сунуштарды жазышкан. Алардын сунуштарынын басымдуу бөлүгү мектептерде кыргыз тилиндеги окуу китептеринин абалы жөнүндө айтылып, ар бир автордун китебинде сөз маанилери, диалекттери ар түркүн болбой, адабий тилде бардык китеп бирдей жазылса деген сунуштар айтылган", - дейт Г.Бакирова.

Мыкты эссе жазган 10 студент тандалып, “Мамлекеттик тил жана Ч. Айтматов” аттуу иш чаранын жүрүшүндө аларга окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Курманбек Алыбаев ЖАМУнун дипломун ыйгарып, окууларына ийгиликтерди каалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть