23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында чоң салтанат менен белгиленди. Салтанатты окуу жайдын ректору, юридика илимдеринин доктору Бакыт Рысмендеев ачып, окутуучулар жамаатын жана студенттерди тил майрамы менен куттуктады. Ошондой эле академияда жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик тил боюнча иш-чараларга токтолуп, келечектеги бул багыттагы иштер тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү Мамлекеттик тилди кабыл алууга арналган видео менен башталып, академиянын таланттуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа коштоду. Айрыкча, башка улуттагы студенттердин кыргыз тилинде окуган ырлары көпчүлүктүн купулуна толду.