10:11 25 сентября 2018

Ноокат гимназиясы заманбап билим, улуттук тарбия берет

Аймактардагы мектептик билим берүүнү көтөрүү максатында 21-сентябрь күнү билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева жана Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев, райондогу гиназия, лицейлердин директорлору, айыл тургундарынан катышуусунда ОшМУнун Ноокат мектеп-гимназиясы ачылды.

Ачылуу аземинде билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева учурда мамлекет тереңдетип билим берүүгө ыңгайлашкан мектептерге муктаж экендигин, бул демилге колдоого аларлык экендигин айтып, ОшМУнун аймактардагы билим берүүнү көтөрүү багытындагы жасап жаткан иштери да өлкө аймагына үлгү болушу керектигин белгиледи.

150 орунга ылайыкташкан гимназияга учурда атайын сынактын негизинде 60ка жакын окуучу кабыл алынган. Гимназияда кыргыз тили менен биргеликте чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайларда окуу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн тилдер багытында орус, англис, кытай, түрк тилдери окутулат. Ал эми медициналык окуу жайларга окуу үчүн химия, биология тереңдетилип окутулуп, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо иштери жүрөт. Ошондой эле "Улуттук тарбия жана заманбап билим" концепциясын калыптандыруу үчүн комуз, тигүүчүлүк, спорттук ийримдер (улуттук жана жалпы), IT (маалыматтык технологиялар) багытындагы ийримдер окутулат.

Ал эми алыскы айылдардан келип билим алган окуучулар үчүн жатакана бөлмөлөрү түзүлгөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть