15:21 27 сентября 2018

№67 мектеп-гимназиясында «Тил жана Ч.Айтматов» аттуу иш-чара ѳттү

24-сентябрда №67 мектеп-гимназиясында Мамлекеттик тил мыйзамынын 29 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Тил жана Айтматов” аттуу райондук иш-чара жогорку деңгээлде ѳттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиева, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Ниязбекова, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков, Бишкек шаардык БББнын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Жайнагүл Сапалова, Свердлов райондук билим берүү мекемелеринин директорлору жана мамлекеттик тил боюнча орун басарлары катышты.

Мектеп короосунда комузда кол ойнотуп, “Маш ботой” черткен 50дөй комузчулардын, кыргыз даамы-боорсок кармаган кыргыз кийимчен кыздардын тосуп алышы конокторго майрамдык маанай тартуулады. Мектептин жасалгалуу жыйындар залында кыргыз тилине арналган көркөм окуулар, манас айтуу, залкар жазуучунун “Ак кеме” чыгармасынан сахналаштырылган үзүндү мыкты аткарылып, жазуучунун чыгармалары боюнча обондуу ырлар жана шаңдуу улуттук бий менен коштолду.

Мындан тышкары, коноктор № 67 мектеп-гимназиясынын мамлекеттик тил кафедрасы уюштурган Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көргөзмө менен тааныша алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть