18:20 27 сентября 2018

ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин студенттери Ч.Айтматовду даңазалашты

ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин студенттеринин арасында “Жаштардын күчү, жаштардын деми, жаштардын асыл ою жана Ч.Айтматов биздин жүрөгүбүздө” аттуу сынак болуп өттү.

Химия кафедрасынын окутуучусу Нурия Жолдошалиеванын айтымында, сынактын жүрүшүндө студенттер Ч.Айтматовдун түрдүү чыгармаларын сахналаштырып көрсөтүшкөн. “Аталган иш-чарада залкар жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын табийгатка, айлана-чөйрөгө жасаган терс мамилелери жөнүндө баяндамалар жасалып, студенттер тарабынан талкуу жүрдү. Андан сырткары, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча бир жума мурун сүрөт тартуу сынагы жарыяланып, анда ар бир группанын студенттери өздөрүнүн тарткан сүрөттөрүн көпчүлүктүн сынына коюшту", - деди ал.

Айрыкча, химия, ветеринария адистигинин студенттеринин аткарган инсценировкалары, тарткан сүрөттөрү, окуган баяндамалары өзгөчө таасир калтырып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгонун кошумчалады Н.Жолдошалиева.

Аталган факультетте химия, биология, география, ветеринария электр булактары, электрэнергетикалык системалар жана механика кафедралары жайгашкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть