17:50 27 сентября 2018

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Конфуций күнү белгиленди

26-сентябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Конфуций күнү белгиленип, анын урматына атайын көргөзмө, маданий кече уюштурулду.

Кеченин салтанаттуу бөлүгүн ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов ачып, Кытай баш болгон Чыгыштын өлкөлөрү Конфуцийдин окууларын туу тутуу менен бүгүнкү күндөгү укмуштарды жараткандыгын, улуу даанышмандын урматына дүйнө жүзү боюнча 1 миң 100дөн ашуун Конфуций институттары, 500дөн ашуун Конфуций класстары, анын ичинде, Кыргызстандын 4 окуу жайында – БГУда, КУУда, ОшМУда жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ачылып, анда кытай тилин үйрөтүү, кытай маданиятын таанытуу аркылуу дүйнө тынчтыгы, элдердин достук алакалары, жаштардын кең келечеги үчүн Конфуцийдин окуулары окутулуп келе жаткандыгына токтолду.

ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунун бул даталуу күнгө карата Кытайдын Шанщи провинциясындагы Шанщи университети менен биргеликте маданий тажрыйба алмашуу максатында өткөрүп жаткан иш-чарасын колдоп, ийгиликтерди каалады.

Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Руслан Алтымышов өз куттуктоосунда Конфуцийдин окуулары Ыраакы Чыгыш цивилизациясынын өзөгү болуп эсептелинерин айтып, бүгүнкү муун анын философиялык ойлорунан сабак алып, илим-билимдүү болуу менен бирге инсандык жогорку сапаттарга да ээ болуусун каалады.

Институттун директору М.Шакирова Конфуцийдин күнүн белгилөө – институттун салттуу иш-чараларынын бири экендигин, анын турмуш сабактары, акыл-ойлору адамзат өмүрүн бойлоп, жашоо-тиричиликтин бардык тармагында кеңири колдонулуп келе жаткандыгын, институтта кытай тилин үйрөтүү менен биргеликте Конфуцийдин философиялык системасы болгон адеп-ахлак, тарбия, гумандуулук, парз, берилгендик, ак ниеттүүлүк, адилеттүүлүк, адамдардын социалдык жана этикалык өз ара мамилелерин, коомдук жашоо-турмуш нормаларын аныктай турган мыйзамдары кошо окутулуп келе жаткандыгын айтты. Өз учурунда Конфуций бардык элдердин дилине, тилине карабай ынтымак, эриш-аркак чоң үй-бүлөдөй жашоосун жактыргандыгын айтып, уюштурулуп жаткан иш-чаранын эки элдин достук, кызматташтык алакаларын бекемдөөдөгү жүгүн баса белгиледи.

Кечеде жогорку деңгээлде даярдалган Кытайдын музыкасы, ыр-бийи, күүлөрү жаңырып, көрүүчүлөргө руханий азык тартуулап, алардын купулуна толуп, кытай элине болгон сый-урматын күчөттү.

Ушундай эле иш-чара 27-сентябрда Базар-Коргон районунун №6 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясындагы Конфуций классында да өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть