11:26 28 сентября 2018

ИИМ Академиясында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдөгү көйгөйлүү маселелер талкууланды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жылдыгына карата ИИМдин Академиясында “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдөгү көйгөйлүү маселелер” аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Илимий иш-чарага КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Назаркул Ишекеев, Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, КР Өкмөтүнүн программасына мониторинг жүргүзүү тобунун эксперти Тамара Абылкасымова, КРнын ИИМдин УКжЭААКБнын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмчөсүнүн башчысы Айбек Орозакунов, МАККББнын, Бишкек шаарынын жана Чүй областынын ИИББнын, РИИБнын мамлекеттик тил боюнча тескөөчүлөрү, ошондой эле ИИМдин Академиясынын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы катышышты.

Иш-чараны ачып жатып, ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов окуу жайда сабактар мамлекеттик тилде өткөрүлүп жана аны өнүктүрүүгө карата бир топ аракеттер жүргүзүлүп жатканын айтып өттү.

Мамлекеттик тил күнүнө карата ИИМдин Академиясынын башчысынын буйругу менен атайын иш-мерчем бекитилген. Анын алкагында тил жумалыгы жарыяланып “Мамлекеттик тилде өткөрүлгөн мыкты сабак” аттуу сынак жүргүзүлдү. Ага КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Г.Мадумарова, ИИМдин Академиясынын УАИжЭКБнын мамлекеттик тил боюнча тескөөчүсү милициянын подполковниги Н.Чекирова, окуу-инспекциялык башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Ж.Кадырмамбетова, тилге даярдык кафедрасынын профессору милициянын полковниги Ж.Секебаевадан турган комиссия түзүлүп, бир жума бою сабактарга катышып, кыргыз тилинде сабакты мыкты өткөн окутуучуларды аныктап чыгышты.

Жумалыктын жыйынтыгы менен мыктылар аныкталып, аларга Назаркул Ишекеев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды: М.Ажыгулов – “Эне тил” төш белгиси, У.Шаршеналиев, Э.Абдыкеримов – Ардак грамота, Р.Сыдыгалиев, Б.Исмадияров, Ж. Айдарбеков, Б. Абдыбеков – кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Өз сөзүндө Назаркул Ишекеев, ИИМдин Академиясында мамлекеттик тилге болгон мамиле жогору экенин баалап, аны мындан ары өнүктүрүп кетүүгө көптөгөн акыл-насааттырын, кеп-кеңштерин айтып өттү.

Ал эми Айбек Орозакунов Ички иштер министрлигиндеги мамлекеттик тилде иш жүргүзүүдөгү бир топ көйгөйлүү маселелерди айтып, катуу талкуу жаратты. Негизги маселе катары ИИОдо колдонулуп жаткан терминдерди бирдейлештирүү жана кызматтардын аталыштарынын реестрындагы айрым терминдер мааниси жагынан аталган кызматтын ишмердүүлүгүнө дал келбей жатканын баса белгилеп, бул маселени жалпы отуруп чечүү эң зарыл экендигин билдирди.

Ошондой эле иш-чарага катышып жаткан шаардык, областтык, райондук ички иштер органдарынын мамлекеттик тил боюнча өкүлдөрү баяндамалары менен чыгып, кыргыз тилин өнүктүрүүгө болгон өз сунуштарын айтып өтүштү.

Соңунда илимий-практикалык конференциянын катышуучулары ИИОдо мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бир нече пункттан турган сунуштамаларын иштеп чыгышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть