13:16 28 сентября 2018

"Өзүңдү жең" тренинг борборунун негиздөөчүсү ЖАМУда болду

Кыргыз тилдүү бизнес тренер Аксана Рыскулова Жалал-Абад шаарынын айымдары, тагыраагы ЖАМУнун студент-кыздары, мугалимдери үчүн 26-сентябрда "Аялдык бакыт жана акча" деген аталышта тренинг өттү. Ага 400гө чукул адам катышып, ал жерде мотивациялык сөздөр айтылды.

Тренер Аксана Рыскулованын айтымында аялзатынын ийгилик жолундагы тоскоолдуктары:

1. Өзүнө болгон ишенимдин жоктугу;

2. Өзүн баалабайт, сүйбөйт;

3. Убакытты жана акчаны өзүнөн аяйт;

4. Өзүн өнүктүрбөйт;

5. Спорт менен машыкпайт;

6. Жакшы кийимге жана эс алууга акчасы жетишпейт. Аталган категориялар аялзатынын ийгилик жолуна тоскоолдуктарды жаратып, жашоосун татаалдантат.

Бул тренинг ЖАМУнун жаштар комитетинин 2018-2019-окуу жылындагы алгачкы чоң масштабдагы иш-чарасы болду. Максаты аялзатына көңүл буруу, алардын аң сезимдүү түрдө жашоого болгон көз карашын калыптандыруу, турмуш менен ишти бир калыпта алып кетүү сыяктуу багыттарды камтыган тренинг болуп саналат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть