12:50 28 сентября 2018

КМУнун алдындагы колледжде «100 суроого 100 жооп» акциясы уюштурулду

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Мамлекетик тил комиссиясы тарабынан «Тил жана Айтматов» үч айлыгы жарыяланган. Анын негизинде И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы колледжде конференция, семинар, тегерек стол, майрамдык кечелер, иш-чаралар, дубал гезиттердин кароо-сынактары өткөрүлүп жатат.

2018-жылдын 26-сентябрында «100 суроого 100 жооп» акциясы уюштурулду. Акцияда ага окутуучулар Жыргал Сокурова, Индира Кенжетаева жана Чынара Кожогелдиева ар бир дарсканаларга кирип, студенттерге кыргыз элинин тилине, тарыхына, маданиятына, салт-санаасына жана акын-жазуучулардын чыгармаларына байланышкан суроолордон берип, студенттердин билимине баа беришти.

«Жарлыкка ылайык, колледжде Мамлекеттик тил күнүнө жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар, кечелер байма-бай өтүүдө. Бүгүн кыргыз тилчи мугалимдер «100 суроого 100 жооп» акциясын өткөрүп, студенттердин кыргыз тилине, тарыхына, маданиятына болгон билимин текшерүүдөбүз. Бардык секциялардагы студенттер сабакка толук катышып, биздин берген суроолорго жакшы жооп беришти. Алардын арасынан эң мыктыларын тандап, директор Ө.Карымшаковдун атынан сыйлыктарды тапшырмакчыбыз», - деди ага окутуучу Жыргал Сокурова.

Акцияга активдүү катышкан студенттер: А.Алияскарова, М.Бактыбек кызы, М.Эсенбаева, У.Анарбек уулу, Э.Аттокуров, Ж.Мамырова, А.Бакиров, Т.Ыштыров, А.Сарбанов ж.б.

Ага окутуучу Чынара Кожогелдиева мамлекеттик тилдин ѳркүндѳшүнѳ, анын коомдук турмушта кеңири колдонулушуна жана өлкөбүздүн ар бир жараны Ч.Айтматовдун чыгармаларын жогорку деңгээлде өздөштүрүүсүнө чакырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть