10:37 1 октября 2018

Жалал-Абадда академик Иса Ахунбаевдин 110 жылдыгы белгиленди

Жалал-Абад шаарында 28-сентябрь күнү академик И.К.Ахунбаевдин 110 жылдыгына карата “Кыргызстандын кардиохирургиясы кылымдар тогошкондо, жетишкендиктери жана келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу ЖАМУнун медицина факультетинин “Ички оорулар” кафедрасынын башчысы Калдарбек Абдраманов билдирди.

Конференция КР Президентинин «2018-жыл –Аймактарды өнүктүрүү жылы» программасынын алкагында уюшулуп, ага Россия федерациясынын, Түркия, Казакстан өлкөлөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын илимпоз профессорлору катышты. “Иш-чараны Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борбору, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Республикасынын жүрөк-кан тамыр хирургдарынын коому, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультети биргеликте уюштурду. Анда медицина илиминдеги акыркы ачылыштар, жетишкендиктер жана алдыда аткарылчу иштер жөнүндө ойлор айтылды” – дейт К.Абдраманов.

Ушул жылдын 25-сентябрында өлкөбүздүн улуу илимпозу, биринчи жүрөк-кан тамыр хирургу академик И.К.Ахунбаевдин туулганына 110 жыл толду. Кыргызстандагы кардиохирургиянын өнүгүү жана түзүлүшү 1960-жылдардын аяк ченине барып такалат. Бул тармактын өсүүсү илимий-практикалык жаатта саламаттыкты сактоонун мыктысы, белгилүү хирург жана академик И.К.Ахунбаевдин ысымы менен тыгыз байланышта.

Академик И.К.Ахунбаевдин 100-жылдыгын белгилөө мааракесинде Орусиянын НЦССХ директору, академик Л.А.Бокерия төмөнкүдөй белгилеген: "Кыргызстандагы аталган тармактын негиздөөчүсү академик И.К.Ахунбаев болсо, Россиядагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана кардиореанимациясын өнүгүү жолун баштаган академик Н.И.Бакулев болгон”.

19-майда 1959-жылы И.К.Ахунбаев тарабынан биринчи жолу жүрөккө ийгиликтүү операция жасалган. Бул советтик Чыгышта алгачкылардан болуп жүрөккө жасалган операция болчу. Жүрөктүн түрдүү ооруларын операциялык жол менен дарылоо максатында илимий иштер башталган. Кыргызстандагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы медицинанын башкы багыттарынын бири болуп эсептелинет.

И.К.Ахунбаев чындыгында “кудай колдогон хирург”, боорукер жана миңдеген адамдар даба тапкан гениалдуу дарыгер. Анын аты Иса - араб тилинен “өмүр берүүчү” деп бекеринен которулбайт.

И.К.Ахунбаев 3 “Ардак белгиси”, Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл-Туу ордендери, медалдар жана Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин президиумунун бир нече жолку Ардак грамоталары менен сыйланган. СССР Жогорку Советинин 3 жолку чакырылышынын жана Кыргыз ССРинин 2 жолку чакырылышынын депутаты болгон.

Академик И.К.Ахунбаев 300дөн ашуун илимий иштердин, анын ичинде 8 монографиянын автору. Ал эми 5 медицина илимдеринин докторун жана 35 илимдин кандидаттарын тарбиялап чыгарган.

Анын 5 баласы, 11 небереси, 15 чебереси, 1 чөбөрөсү бар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть