10:53 2 октября 2018

Бишкектеги стипендиялык программанын өкүлдөрү Оштун студенттери менен жолугушуу өткөрүштү

Бишкек шаарынан келген ДААД стипендиялык программасынын өкүлдөрү 28-сентябрь күнү ОшМУга келип, Германияда окуп, иштеп, саякаттап келүү туурасында маалымат жыйын өткөрүштү.

Жыйынга университетте билим алып жаткан 200гө жакын студенттер катышышты. Кыргызстандагы ДААДдын маалымат борборунун директору Катя Тевc Германияда жетекчи таап, чоң өлчөмдөгү стипендия алып, илимий изилдөө иштерин жүргүзүүнү, магистратурада окуп келүүнү жана жайкы мектептерге катышуу тууралуу маалымат берип, өздөрүнүн ишмердүүлүгү туурасында презентация жасады жана катышуучулардын кызыккан суроолоруна жоопторду берди.

Маалымат жыйынынан соң программага катышууну каалган студенттерден интервью алынып, OnSeT он-лайн тестирлөө уюштурулду.

Быйыл мындай иш-чара эл аралык байланыштар бөлүмүнүн көмөктөшүүсү менен экинчи ирет өтүп жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть