12:39 3 октября 2018

ЖАМУнун ректору менен студенттери жолугушту

2-октябрь күнү ЖАМУнун чоң жыйындар залында окуу жайдын ректору Кеңешбек  Усенов менен студенттердин ортосунда «Ийгилик сыры» аталышындагы мотивациялык жолугушуу болуп өттү. Эркин форматтагы жолугушууда студенттер ректордон кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

«Студенттерди эмне кызыктырат, университет ичинде кандай иштер аткарылып жатат, студенттердин кандай көйгөйлөрү бар? Бул сыяктуу суроолорду мен өз ишим менен болуп, көп нерсени байкабай, көрбөй калышым мүмкүн. Балким, студенттер көрүп-билип жүргөн кемчиликтер бардыр. Аларды оңдоп, билим сапатын алдыга өнүктүрө алышыбыз үчүн кандай шарттарды түзүш керектигин студенттер менен талкууладык. Өзүмдөгү тажрыйбалар менен бөлүштүм», - дейт т.и.д., профессор Кеңешбек Усенов.

Мындай форматтагы мотивациялык жолугушуулар ЖАМУнун Жаштар комитети тарабынан өткөрүлүп, максаты — ийгиликтүү инсандардын ийгилик сырлары менен бөлүшүү.

"Бизде ЖАМУнун жаштар комитети атайын ийгиликтүү инсандар менен жаштарды жолуктуруу максатында “Ийгилик сыры” деген чакан жолугушуу уюштурдук. Ийгиликтүү инсан катары алгачкы жолугушууга биздин ректорду чакырдык. Мен ойлойм, студенттер суроолоруна толук кандуу жооп ала алышты. Мындай жолугушуулар айына бир жолу болуп турат. Жаш муундарды шыктандырып, мыкты үлгү болот деп үмүттөнөм”, - дейт Жаштар комитетинин төрагасы Адилет Усенов.

Жолугушууга 5 факультеттин жана 2 колледждин 300дөн ашык студенттери катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть