Жаңы окуу жылынын башталышы менен Эл аралык «Ала-Тоо» университетинде Мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгын жогорку маанайда белгилешти. Бул майрамда бир гана студенттер эмес, окутуучу-профессордук курам жана университеттин администрациясы да жигердүү катышты. Мамлекеттик тилдин урматына карата даярдалган «Көчмөндөр жармаңкеси» университеттин короосунда күз мезгилинин жылуу аба ырайы менен шайкеш келип, студенттер тарабынан даярдаган көчмөндөр тамактары, улуттук оюндар, ыр-бийлер менен коштолду. Жалпынын майрамдык маанайы андан ары университеттин чоң залында улантылып, студенттердин жана окутуучулардын аткаруусунда кыргыз ыр-күүлөрү жаңырып, сахнаны кыргыз элинин таланттуу ырчылары Жеңишбек Жумакадыр, Аяна Касымова, Нур Чолпон, Жыпара Таштанова ж.б. концертти шаңга бөлөштү.
×
Вход
Забыли пароль - восстановить
Нет аккаунта - создать
регистрация
Уже есть аккаунт? - войти
Восстановление
Уже есть аккаунт? - войти