15:15 4 октября 2018

Малайзия өлкөсүнүн Малай университети ОшМУ менен кызматташат

Малайзия өлкөсүнүн борбору Куала-Лумпурда жайгашкан Малай университетинин профессорлору Кумар Менон жана Халимах Бинти Аванг Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келишти.

Дүйнөдөгү алдыңкы университеттердин катарын толуктаган Малай университетинин профессорлору ОшМУнун ректору Каныбек Исаков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү жана эки университеттин ортосунда түзүлгөн келишимдердин алдыдагы келечектүү пландарын талкуулашты.

Малайзиядан келген профессорлор университеттин эл аралык медицина, эл аралык мамилелер, Кыргыз-Кытай, Кыргыз-Европа, искусство, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультеттеринде болушуп, окутуучулар, студенттер менен жолугушууларды өткөрүштү. “Академиялык өнүгүү, изилдөө жана академиялык кат жазуу” деген темада трениниг өтүштү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть