11:42 8 октября 2018

ОшМУда ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөтүлүп, мыктылар сыйланды

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош мамлекеттик университети 5-октябрь күнү Ош улуттук драма театрында салтанаттуу кече уюштуруп, ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөттү.

Жыйынды ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерине жакшы ой-тилектерин билдирип, жылуу куттуктады. Ошондой эле бир жыл аралыгында университетте аткарылган иш-аракеттер, алдыдагы пландар боюнча презентация жасап, ардактуу кесип ээлерин шыктандырды.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата билим берүүдө өзгөчө эмгеги үчүн ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин доценти, б.и.к. Г.Садыкова, факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын улук окутуучусу М.Сариева, табият таануу жана география факультетинин доценти, б.и.к. А.Абдыкааров, бизнес жана менеджмент факультетинин доценти, э.и.к. Т.Исраилов, Медициналык колледжинин улук окутуучусу А.Эргешова Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланышса, университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын, КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, ОшМУнун жана Бириккен профсоюздар уюмунун Ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды.

Салтанаттын жүрүшүндө 2017-2018-окуу жылында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Аталган сынакта “ОшМУнун мыкты окутуучу” сынагында 1-орунду ээлеген ТТжГФнин жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасынын окутуучусу Эдуард Буранов жана “ОшМУнун мыкты окуу-методикалык комплекси” сынагында 1-орунду ээлеген орус филологиясы факультетинин орус жана салыштырма тил илими кафедрасынын доценти, ф.и.к., Джылдыз Тойчува ОшМУнун сертификаты жана 15 миң сомдон акчалай сыйлыктар менен сыйланышты, ал эми 2-орунду ээлеген окутуучулар 8 миң сомдон акчалай сыйлыктарды алышты.

Ал эми тарбия иштерин стимулдаштыруучу сынакта “Жылдын мыкты куратору” наамын жана 3000 сом акчалай сыйлыгын кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын доценти, п.и.к. М.Шарипова, “Жылдын мыкты тарбия иштерин жүргүзгөн декандын орун басары” наамын жана 5000 сом акчалай сыйлыгын медицина факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары А.Саттаров жеңип алышты.

Кеченин экинчи бөлүгүндө ОшМУнун Медициналык колледжинин тилдер кафедрасынын чыгармачыл, таланттуу окутуучусу Жыпара Нуракованын Мугалимдердин майрамына арналган “Мугалимге ыр десте” аталышындагы чыгармачылык кечеси тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть