23:19 10 октября 2018

Кыргызстандын 7 дубанынан келген студенттер ОшМУда ички академиялык мобилдүүлүктөн өтүп жатышат

ОшМУга Кыргызстандын 7 дубанындагы 6 ЖОЖдон ички академиялык мобилдүүлүк боюнча келген 35 студентке эл аралык байланыштар бөлүмү жана “StudDIPLOMACY” студенттик бирикмеси мотивациялык иш-чара уюштуруп берди. Жыйындагы спикерлер:

1. Расулбек Абазбек уулу - проректор;

2. Эрлан Камалов – эл аралык мамилелер факультетинин деканы;

3. Алтынай Мамарасул кызы – эл аралык деңгээлдеги спорт чебери.

Алар студенттерге ийгиликке жетүүдөгү ийги жолдор туурасында пикирлерин ортого салышып, өздөрүнүн акыл-насааттарын, кеп-кеңештерин айтышты. “Айтар сөзүң алтын болсо, угар кулак каухар болсун” дегендей, жаштардын жашоодо ар дайым активдүүлүк көрсөтүп, мекенине, эли-жерине, ата-энесине кызмат кылган, келечеги кең уул-кыздардан болуусуна шык беришти. Студенттер өздөрүнүн кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть