12:12 12 октября 2018

Ошто Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата II кыргыз-казак илимий жана чыгармачыл интеллигенция форуму өтүп жатат

Ош мамлекеттик университетинде 11-12-октябрь күндөрү Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесин утурлай «Чыңгыз Айтматовдун мурасы: Ааламдашуу доорунда биримдикте жашоо» аттуу II кыргыз-казак илимий жана чыгармачыл интеллигенция форуму өтүп жатат.

Форумга Эл аралык Түрк академиясынын ага серепчиси Кадыралы Конкобаев, А Байтурсунов атындагы Тил илими институтунун директору, Казакстан Республикасынын ишмери, Казакстан Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору Ерден Задаулы Кажыбек, Эл аралык Түрк академиясы президентинин кеңешчиси, политология илимдеринин доктору Ержан Бекбауулы Иссакулов, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов, Кыргыз эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаров, КР президентинин кеңешчиси Султан Раев, манасчы, акын, жазуучу, драмтург, дастанчы, жырау Баянгали Токанулы Алимжанов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Назира Мамбетова, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков жана кыргыз-казак элдеринин бир топ окумуштуулары, акын-жазуучулар, өнөр адамдары катышып жатышат.

Экинчи ирет өтүп жаткан форум Ош шаарында, анын ичинде Борбордук Азиядагы эң чоң университетте өтүп жаткандыгынын мааниси терең экендигин, форумдун Ош шаарында өтүүсүнө Ош мамлекеттик университети демилгечи болгондугун, Ош шаары Түрк дүйөсүнүн маданий борборуна айлана тургандыктарын катышуучулар белгилешти.

Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган форум КРнын Президентинин аппараты, Эл аралык Түрк Академиясы жана Ош мамлекеттик университети биргеликте уюштурууда.

Форумдун биринчи күнүдө катышуучулар Ош шаары жана Ош мамлекеттик университети менен таанышып, ОшМУнун искусство факультетинин окутуучуларынын сүрөт көргөзмөлөрүнө күбө болушту. Форумга арналып 11-октябрь күнү кечинде ОшМУ тарабынан академиялык кече тартууланды. Кечеде таланттуу студенттер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларынын негизинде даярдалган композицияны тартуулашты. Мыкты даярдык менен коюлган композияция көрүүчүлөрдүн көзүнө жаш алдырды.

Форумдун экинчи күнү казак-кыргыз илимпоз окумуштуулары, акын-жазуучулары, өнөр адамдары эки элдин достугун даңазалап, ойлорун ортого салып, пикир алышып, достук, ынтымак, биримдиктин мааниси тууралуу баарлашууда. Форумдун жүрүшүндө манасчы, акын, жазуучу, драмтург, дастанчы, жырау Баянгали Токанулы Алимжанов “Манас” эпосунан үзүндү айтты, ал эми Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Назира Мамбетова Толгонайдын монологун аткарып, катышуучулардын алкышына арзыды.

Учурда форум уланып жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть