ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Мелисбек уулу Эламан Өзбекстандын Наманган шаарында 3-7-октябрь күндөрү өткөн Ачык кубогунда спорттун кикбоксинг түрү боюнча 81 кг салмакта алтын медалды жеңип келди.
Ачык кубокто жеңишке жеткен Мелисбек уулу Эламанды ОшМУнун ректору Каныбек Исаков административдик жыйында жалпы жамааттын атынан куттуктады.