12-13-октябрь күндөрү дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде АКШнын Канзас университетинин профессору, Фулбрайт окумуштуусу Джон Махони конок лекция өткөрдү.
Лекцияда сөз жана дин эркиндиги маселеси талкууланып, АКШнын Жогорку сотунун чечимдеринин мисалында каралды. Азыркы демократиялык коомдо сөз эркиндигинин ролуна кенири токтолуп, лекция студенттердин кызыгуусун арттырды.
Студенттер кызыктырган суроолоруна жооп алышып, лекция талкуулар менен коштолду.