13:50 16 октября 2018

ОшМУ Казакстандын А.Байтурсунов атындагы Тил илими институту менен кызматташат

ОшМУ Казакстандагы А.Байтурсунов атындагы Тил илими институту менен кызматташат. Мындай келишимге 11-октябрь күнү А.Байтурсунов атындагы Тил илими институтунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор Ерден Кажыбек жана Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков кол коюшту.

Келишимге ылайык, мындан ары боордош өлкөлөрдүн эки жогорку окуу жайы билим берүү, илим изилдөө, тажрыйба алмашуу, академиялык мобилдүүлүк жаатында кызматташат. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташтыктардын перспективалары талкууланды.

ОшМУ учурда дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнүн 200гө жакын университеттери менен кызматташып келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть