12:31 17 октября 2018

Физика-техника факультетинде 50 жылдык бүтүрүүчүлөр кездешти

ОшМУнун Физика-техника факультетинде билим алып, 1968-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган 50 жылдык бүтүрүүчүлөр университетте болушту. Физика адистигин аяктаган 14 бүтүрүүчү билим уясында жолугуп, билим берген агай-эжекелерин, группалаштарын, студенттик күндөрүн эске салышты.

Бүтүрүүчүлөрдүн бири учурда Физика техника факультетинин жалпы физика жана физиканы окутуунун усулу жана энергетика кафедраларынын доценти, п.и.к. Маматай Папиев университетте үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарга татыктуу тарбия, билим берип келүүдө. Ошондой эле бардык бүтүрүүчүлөр коомдо өз ордун таап, өлкөбүздүн өсүп-өнүүсү үчүн салымын кошуп келишет.

Бүтүрүүчүлөр менен жолугушууда ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Идирис Кенжаев ректордун куттуктоосун жолдоду, ошондой эле учурда университетте жүрүп жаткан алыгылыктуу иштер, жетишкендиктер боюнча маалымат берди.

Жолугушууда 50 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн агайы, эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, ф-м.и.д., профессор Байыш Арапов жылуу куттуктоосун айтып, бүтүрүүчүлөрдүн студенттик күндөрүн эске салган окуялардан баяндап өттү.

Кошумчалай кетсек, университет бүтүрүүчүлөрү сыймыктанат, бүтүрүүчүлөр менен байланыштар үзүлбөй, дайыма алар үчүн эшигин ачык коет. ОшМУ 2019-жылы 80 жылдык мааракесин белгилейт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть