16:46 17 октября 2018

ИИМдин Академиясында Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романы боюнча спектакль коюлду

Бүгүн, 17-октябрда ИИМдин Академиясында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата залкар жазуучунун “Тоолор кулаганда” аттуу романы боюнча спектакль коюлду. Сахнада башкы каарман Арсен Саманчиндин тагдыры, сүйүүсү, чыгарманын көркөмдүгүн арттырган кайып кыз жөнүндө окуя камтылды.

Спектаклди Чүй областтык Шаршен Термечиков атындагы театрынын чыгармачыл жамааты тартуулады. Спектакль 3 сеанс менен өткөрүлүп, ага ИИМдин Академиясынын өздүк курамы, курсанттар, студенттер жана угуучулар күбө болушту.

Уюштурулган иш-чаранын максаты — ааламга аты чыккан Ч.Айтматовдун элесинин түбөлүктүүлүгүн даңазалоо менен өсүп келе жаткан муундарга туура тарбия берүү, мекенчилдик сезимин күчөтүү, ата-бабалардын мурасын, табиятты сактоо.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть